# 20-берене. Кыргыз Республикасынын кызмат адамынын же жаранынын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 20-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-20

---

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын же кызмат адамынын мамлекеттик сырларга жетүүсүн уюштуруу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же уюмдун жетекчисине, ошондой эле алардын мамлекеттик сырларды коргоо боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнө жүктөлөт. Кызмат адамынын же жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Кызмат адамы же жаран мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен анын кызматтык (функциялык) милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл болгон көлөмдө гана тааныша ала турган шарттардын түзүлүшү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартат.

3. Эмгек келишими (контракт) бузулганда кызмат адамынын же жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүүсү токтотулат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-21)
