# 19-берене. Мамлекеттик сырларга уруксаты бар же мурда уруксат берилген кызмат адамынын жана Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктарын чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 19-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-19

---

1. Мамлекеттик сырларга уруксаты бар же мурда уруксат берилген кызмат адамы же жаран өз укуктарында убактылуу чектелиши мүмкүн.

2. Чектөө төмөнкүлөргө тиешелүү болушу мүмкүн:

1) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды жайылтуу жана мындай маалыматтарды камтуучу ачылыштарды жана ойлоп табууну пайдалануу укугуна;

2) сот органдарында ачык териштирүү укугуна;

3) чет өлкөгө чыгуу укугуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктай турган тартипте;

4) мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү тариздөө мезгилиндеги текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө жеке турмушунун кол тийгистиги укугуна.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-20)
