# 18-берене. Кызмат адамдарына же Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 18-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-18

---

1. Кызмат адамдарына жана жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берүү төмөнкү учурларда токтотулат:

1) эмгек келишими боюнча мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан милдеттенмелер бузулганда;

2) ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүндө саналган адамдардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү токтогондо;

3) ушул Мыйзамдын 17-беренесине ылайык жаранга мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болуп саналуучу жагдайлар келип чыкканда;

4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюмдарга кызмат адамына же жаранга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу жөнүндө жазма эскертүү киргизгенде.

2. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу чечими ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынат.

3. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү токтотуу кызмат адамын же жаранды мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча өздөрү алган милдеттенмелеринен бошотпойт.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-19)
