# 17-берене. Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 17-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-17

---

Кызмат адамына же Кыргыз Республикасынын жаранына мамлекеттик сырларга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) чет өлкөдө туруктуу жашап туруусу же тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, чет өлкөлүк жарандыкты алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылуусу;

2) соттун аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануусу, атайлап кылмыш жасагандык үчүн шектелүүчү, айыпталуучу, соттолуучу катары тартылышы, ошондой эле аларда мыйзамда белгиленген тартипте мындай кылмыш үчүн алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугунун болушу;

3) тизмегин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен мамлекеттик сырлар менен иштөө үчүн аларда медициналык каршы көрсөтүмдөрдүн болушу;

4) текшерүү иш-чараларынан четтөөсү жана (же) өздөрү же жакын туугандары жөнүндө билип туруп жалган маалыматтарды билдирүүсү;

Караңыз: Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы чечими

5) текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, жол-жоболоштурулуп жаткан адамдардын Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч түзүүчү аракеттеринин айкындалышы;

6) кош же бөлөк жарандыктын болушу.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-18)
