# 16-берене. Мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн өзгөчө тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 16-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-16

---

1. Төмөнкүлөргө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жана кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилине ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан жана текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн мамлекеттик сырларга уруксат берилет:

1) айрым саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:

а) Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына;

б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө;

в) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жетекчисине;

г) Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган мамлекеттик органдын жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчисине;

д) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысына;

е) Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басарына;

ж) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына;

2) айрым атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга:

а) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

б) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

в) жергиликтүү соттун төрагасына, төрагасынын орун басарына, судьясына;

г) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;

д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына;

е) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасына;

ж) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасына;

з) Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине);

и) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына;

3) мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматтарды камтыган иштер боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоочу же өкүл катары катышуучу адвокаттарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирүү менен, текшерүү иш-чараларын жүргүзбөстөн, мындай маалыматтарга уруксат берилет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б", "в", "г", "д", "е", "ж" пунктчаларында жана 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар өз ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырларды ачыкка чыгарбоо жөнүндө жана аларды ачыкка чыгарган учурда жоопкерчиликке тартылары жөнүндө эскертилет, бул тууралуу алардан тийиштүү милдеттенме алынат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан мамлекеттик сырларды түзгөн маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенме Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген тартипте алынат.

Мындай учурларда мамлекеттик сырлардын сакталышы көрсөтүлгөн адамдардын жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында белгилөө аркылуу да кепилденет. (КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-17)
