# 15-берене. Кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 15-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-15

---

1. Кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик сырлар менен иштөө зарыл болгон кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мындай сырларга карата тийиштүү уруксат берүү жол-жоболоштурулат. Мында ушул кызмат адамдарына жана жарандарга карата, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте текшерүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү иш-чараларын бүтүргөнгө чейин эмгек келишимин (контракт) түзүүгө жол берилбейт.

2. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берүү төмөнкүлөрдү карайт:

1) аларга ишенип берилген, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча мамлекет алдында өзүнө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алуусун;

2) ушул Мыйзамдын 19-беренесине ылайык алардын укуктарын чектөөгө макулдук берүүсүн;

3) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары, анын ичинде аларды бузгандык үчүн жоопкерчиликти кароочу нормалары менен таанышуусун жана аларды сактоосун.

3. Администрациянын жана жол-жоболоштурулуп жаткан адамдын өз ара милдеттенмелери эмгек келишиминде (контрактта) каралууга тийиш.

4. Текшерүү иш-чараларынын көлөмү жол-жоболоштурулуп жаткан адамга уруксат берилүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн үч формасы: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтарга жетүү белгиленет. Жарандарда жашыруундуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтарга уруксаттын болушу алардын кыйла төмөнкү даражадагы жашыруун маалыматтарга жетүүсүнө негиз болуп саналат.

5. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү жол-жоболоштуруунун же кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

6. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында гана чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 08-р чечими

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-16)
