Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-берене. Кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларына уруксат берүүнүн тартиби
Күчүндө · 16.02.2023 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34
1. Кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн мамлекеттик сырлар менен иштөө зарыл болгон кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мындай сырларга карата тийиштүү уруксат берүү жол-жоболоштурулат. Мында ушул кызмат адамдарына жана жарандарга карата, алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте текшерүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү иш-чараларын бүтүргөнгө чейин эмгек келишимин (контракт) түзүүгө жол берилбейт.
2. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берүү төмөнкүлөрдү карайт:
1) аларга ишенип берилген, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча мамлекет алдында өзүнө жазуу жүзүндөгү милдеттенме алуусун;
2) ушул Мыйзамдын 19-беренесине ылайык алардын укуктарын чектөөгө макулдук берүүсүн;
3) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормалары, анын ичинде аларды бузгандык үчүн жоопкерчиликти кароочу нормалары менен таанышуусун жана аларды сактоосун.
3. Администрациянын жана жол-жоболоштурулуп жаткан адамдын өз ара милдеттенмелери эмгек келишиминде (контрактта) каралууга тийиш.
4. Текшерүү иш-чараларынын көлөмү жол-жоболоштурулуп жаткан адамга уруксат берилүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасына жараша болот. Жарандарга мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтардын жашыруундугунун үч даражасына ылайык мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн үч формасы: өзгөчө маанилүү, өтө жашыруун же жашыруун маалыматтарга жетүү белгиленет. Жарандарда жашыруундуктун кыйла жогорку даражасындагы маалыматтарга уруксаттын болушу алардын кыйла төмөнкү даражадагы жашыруун маалыматтарга жетүүсүнө негиз болуп саналат.
5. Кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик сырларга уруксат берүүнү жол-жоболоштуруунун же кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында гана чет өлкөлүк жарандарга мамлекеттик сырларга уруксат берилет. Көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы N 08-р чечими
Берененин тексти 16.02.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети белгилеген тартипте текшерүү иш-чаралары жүзөгө ашырылат.
алынып салынды: Улуттук коопсуздук маселелерин тескөөчү ыйгарым кошулду: Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү иш-чараларын бүтүргөнгө чейин … же кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп … мамлекеттик сырларга уруксат берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын…
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 08-р Азамат Альбертович Мамбековдун кызыкчылыгын көздөгөн Марат Бакаевич…Сот практикасы · Решение · 01.11.2018 · № 08-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111719/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>