# 13-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо системасынын негизги элементтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 13-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-13

---

Мамлекеттик сырларды коргоо системасынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жумуштарда, документтерде, буюмдарда жана маалыматтарды алып жүрүүчүлөрдө камтылган маалыматтардын жашыруундук даражасын аныктоо жана белгилөө эрежелери;

2) мамлекеттик сырларга мамиле жасоо тартиби;

3) мамлекеттик сырларга уруксат берүү тартиби;

4) мамлекеттик сырлар менен иштеген адамдар үчүн чектөөлөр;

5) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын ишинин өзгөчө режими;

6) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды элге жарыялоо, башка мамлекетке берүү же башка жол менен жайылтуу боюнча чектөөлөр;

7) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды техникалык жана криптографиялык коргоо;

8) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды пайдалануу менен жумуштарды жүргүзүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө уруксат;

9) мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылууну контролдоо;

10) мамлекеттик сырлар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-14)
