# 12-берене. Мамлекеттик эмес сырлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 12-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-12

---

1. Мамлекеттик эмес сырларга коммерциялык купуя сыр, кызматта пайдаланылуучу маалымат, басма сөз үчүн эмес маалымат, тергөөнүн купуя сыры, врачтык купуя сыр, жеке купуя сыр жана купуя сырдын башка түрлөрү кирет.

2. Мамлекеттик эмес сырлардын сакталышы алардын менчик ээси, ошондой эле кызматы жана ишинин түрү боюнча алар ишенилип берилген адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик эмес сырлардын сакталышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жана мындай сырлардын менчик ээлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккан эрежелер менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-13)
