# 10-берене. Маалыматтардын жашыруундугун колдонуу мөөнөтү, жашыруундукту ачыктоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года N 34 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите государственных секретов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112508)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719#diff=1229911..1229912>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 10-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-10

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий-техникалык кызыкчылыктары талап кылса, ошондой эле такташтыруу зарылдыгын жараткан факторлор айкындалса, мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар жашыруун кылуудан мөөнөтүнөн мурда ачыкталышы же алардын жашыруундук мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Ачыктоо же жашыруундук мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кызыкдар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын сунуштамалары боюнча кабыл алат.

2. Мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды ачыктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Өздөрүнүн иш-аракет чөйрөсүндөгү маалыматтарды мамлекеттик сырларга киргизүүгө жетекчилерине ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектеринин мазмунун мезгил-мезгили менен, бирок кеминде беш жылда бир жолу маалыматтарды жашыруун кылуунун негиздүүлүгү жана алардын мурда белгиленген жашыруундук даражасына ылайык келүүсү бөлүгүндө кайра карап турууга милдеттүү.

4. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда колдонулуп жаткан, жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин өзгөртүү укугу аларды бекиткен жетекчилерге берилет, алар маалыматтарды ачыктоо боюнча өздөрү кабыл алган чечимдердин негиздүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Аталган жетекчилердин жашыруун кылууга жатуучу маалыматтардын ведомстволук тизмектерин өзгөртүүгө байланышкан чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте макулдашылууга тийиш.

(КР 2023-жылдын 16-февралындагы № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-11)
