# 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111719)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 15-декабрындагы № 210 (15) "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 210 (15)
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2530/edition/1229911/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111719/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө, 1-берене (16.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) мамлекеттик сырлар - алып жүрүүчүлөрдүн кайсы болбосун түрлөрүндө сакталуучу жана которуштурулуучу, Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык, илимий-техникалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешеси бар, мамлекеттин контролунда болуучу жана ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан атайын тизмектер жана эрежелер менен чек коюлуучу маалыматтар;

2) мамлекеттик сырларды коргоо системасы (жашыруундук режими) - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленүүчү, өзүндө администрациялык-укуктук, уюштуруучулук, инженердик-техникалык, криптографиялык жана башка чаралардын системасын камтуучу, мамлекеттик сырлардын сакталышын камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби;

3) маалыматты жашыруун кылуу - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленүүчү иш-чаралардын жыйындысы;

4) маалыматты ачыктоо - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленүүчү иш-чаралардын жыйындысы;

5) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды алып жүрүүчүлөр - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды символдор, турпаттар, сигналдар, техникалык чечилиштер жана процесстер түрүндө чагылдыруучу материалдык объекттер, анын ичинде физикалык талаалар;

6) жашыруундук грифи (чектөө грифи) - мамлекеттик сырларды алып жүрүүчүгө жана (же) анын коштомо документине коюлуучу, бул камтыгычтагы мамлекеттик сырлардын жашыруундук даражасы жөнүндө күбөлөндүрүүчү реквизит;

7) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоо каражаттары - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды коргоого арналган техникалык, криптографиялык, программалык жана башка каражаттар, алар ишке ашырылган каражаттар, ошондой эле мамлекеттик сырларды коргоонун натыйжалуулугун контролдоо каражаттары;

8) жашыруун маалыматты ачыкка чыгаруу - кызматы же жумушу боюнча тиешелүү маалыматтар белгиленген тартипте ишенип берилген кызмат адамдары же жарандар атайылап же абайлабай жасаган, жашыруун маалыматка уруксат берилбеген адамдарга аны билдирүү, берүү, көрсөтүү, жөнөтүү, жарыялоо же башка ыкма менен жеткирүү түрүндөгү укукка каршы аракеттер;

9) мамлекеттик сырларды жоготуу - мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарды колдонуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, мындай маалыматтарды жоготуунун же уурдатуунун натыйжасында алардын мыйзамдуу ээлик кылуудан же пайдалануудан чыгышынан, анын ичинде убактылуу чыгышынан улам бул маалыматтардын башка жактардын энчиси болуп калуусу же болуп калуу мүмкүндүгү;

10) мамлекеттик сырларга уруксат берүү - жарандын мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүү укугун же болбосо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин жана башка уюмдардын (мындан ары - уюмдар) мамлекеттик сырларды пайдалануу менен ишти жүзөгө ашыруу укугун тариздөөнүн жол-жобосу;

11) мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтарга жетүү - ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын санкциясы боюнча конкреттүү адамды мамлекеттик сырларды түзүүчү маалыматтар менен тааныштыруу;

12) жашыруундук даражасы - жашыруун маалыматтардын маанилүүлүгүн, аларга жетүүнү чектөө даражасын жана аларды мамлекет тарабынан коргоонун деңгээлин мүнөздөөчү категория.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111719/st-2)
