# 8-берене. Коомдук кызыкчылыктын артыкчылыгы

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 8-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-8

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда коомдук кызыкчылыктарды эске алуу менен жана өздүк (жеке) кызыкчылыктарды жокко чыгаруу менен тиешелүү чөйрөдө мыйзамдарга жана мамлекеттик саясатка таянуу менен чечимдерди кабыл алууга жана сунуштамаларды берүүгө милдеттүү.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөргө укуксуз:

1) өздөрү жүзөгө ашырып жаткан иштерге байланыштуу кызматтык маалыматтарды өздүк (жеке) кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга же пайдаланылышына жол берүүгө;

2) өзүнүн кызматтык абалын кирешелерди, артыкчылыктарды же башка пайдаларды алуу үчүн тикелей же кыйыр түрдө пайдаланууга;

3) кандай болбосун мамлекеттик же муниципалдык мүлктөрдү өздүк (жеке) кызыкчылыктарда тикелей же кыйыр түрдө пайдаланууга;

4) мурда ээлеген мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундардын артыкчылыктарын өздүк (жеке) кызыкчылыктарда пайдаланууга.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-9)
