# 7-берене. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар жана адамдар

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 7-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-7

---

Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр жооптуу болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар (алардын бири ушул Мыйзамдын ишке ашырылышын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча функцияларды жүзөгө ашырат);

2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилери;

3) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын этика боюнча комиссиясы;

4) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы;

5) судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иштөөчү судьялык өз алдынча башкаруу органы.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-8)
