# 6-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 6-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-6

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөрдүн ишине жайылтылат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын;

2) иши мамлекеттен же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган же болбосо алардын уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын;

3) мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдардын.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тизмекке кирбеген, бирок өзүнүн кесиптик ишин республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай сыйакы алуу менен жүзөгө ашырган жактардын кызыкчылыктарынын кагылышуусун башкаруу мындай жактардын иши жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

Эскертүү: Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдар деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери же ордунда жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны же болбосо муниципалдык кызматчыны убактылуу алмаштырган адамдар түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-7)
