6-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар
Күчүндө · 13.05.2026 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөрдүн ишине жайылтылат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын;
2) иши мамлекеттен же жергиликтүү бюджеттерден каржыланган же болбосо алардын уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын жетекчилеринин, ошондой эле мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучулардын;
3) мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдардын.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тизмекке кирбеген, бирок өзүнүн кесиптик ишин республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен акчалай сыйакы алуу менен жүзөгө ашырган жактардын кызыкчылыктарынын кагылышуусун башкаруу мындай жактардын иши жөнүндө ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
Эскертүү: Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик же муниципалдык кызматчылардын статусуна ээ болбогон, бирок мында мамлекеттик органдардагы эмгек ишин жүзөгө ашыруучу адамдар деп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери же ордунда жок болгон мамлекеттик жарандык кызматчыны же болбосо муниципалдык кызматчыны убактылуу алмаштырган адамдар түшүнүлөт.
Берененин тексти 13.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому менен бекитилген "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күнү…Порядок · 07.08.2018 · № 362
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтому менен бекитилген "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын күчү…Порядок · 07.08.2018 · № 362
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111716/st-6" title="6-берене - Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>