# 28-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдардын жоопкерчилиги

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 28-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-28

---

1. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтардын анык эместиги аныкталган учурда ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек мыйзамдарына ылайык тартиптик жоопкерчилик тартат.

2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) кошпогондо, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисинин анын түздөн-түз карамагында турган кызматчы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу маселеси боюнча кайрылган учурда чара көрбөөсү аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жаза-чарага тартуу үчүн негиз болуп саналат.

3. Ушул Мыйзам жайылтылуучу адамдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюуларды бузуу менен сатып алынган кирешелер жана мүлктүк жыргалчылыктар мамлекетке келтирилген зыян болуп эсептелет жана мамлекетке орду толтурулууга тийиш.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-29)
