# 27-берене. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 27-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-27

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар иштеген мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда персоналды башкаруу кызматынын кызматчыларынын ичинен декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар дайындалат.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:

1) арыз ээсинин талабы боюнча өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларациялардын бланктарын берет;

2) өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды кабыл алат жана каттайт;

3) декларацияны алган күнү декларация алынгандыгы жөнүндө декларантка тил кат берет;

4) маалыматтар өзгөргөн учурда, декларанттар бере турган жаңы маалыматтардын бар экендиги жөнүндө арыздарды кабыл алат жана каттайт;

5) декларацияны туура толтуруу жана өз убагында берүү боюнча консультацияларды берет;

6) декларанттын өтүнүчү боюнча кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды колдонуу боюнча консультацияларды берет.

3. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация декларанттын өздүк ишине тиркелет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-28)
