# 24-берене. Өздүк (жеке ) кызыкчылыктарды декларациялоо

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 24-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-24

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызмат ордуна шайланган, дайындалган же бекитилген же болбосо ыйгарым укуктардын бөлөк көлөмү бар башка кызмат ордуна которулган учурда өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте толтурууга милдеттүү.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация жазуу жүзүндө же электрондук түрдө иштеген жери боюнча берилет.

3. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү, кирешелерди, чыгымдарды, мүлктү жана милдеттерди декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык адамды башка декларацияларды берүү милдетинен бошотпойт.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-25)
