# 22-берене. Этика боюнча комиссиянын милдеттери

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 22-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-22

---

1. Мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында, мекемеде, уюмда же ишканада этикалык ченемдерди сактоо, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу маселелерди кароо үчүн милдеттүү түрдө этика боюнча комиссия түзүлөт.

2. Этика боюнча комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы тууралуу келип түшкөн арыздар жана даттануулар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалалар жана билдирүүлөр боюнча сунуштамаларды кароо жана чыгаруу;

2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилерине кызыкчылыктардын потенциалдуу, реалдуу же болуп өткөн кагылышууларынын фактылары жөнүндө маалымат берүү;

3) кызыкчылыктардын потенциалдуу же реалдуу кагылышуусунун кырдаалдары жана аларды жөнгө салуунун варианттары боюнча кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча мыйзамдар жана аларды иш жүзүндө колдонуу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

5) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишин текшерүүлөрдү жүргүзүү;

6) (КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу фактылары, ошондой эле ушул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу тез арада, алар аныкталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга маалымдоо.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-23)
