# 21-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин, мекеменин, уюмдун же ишкананын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын милдеттери

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 21-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-21

---

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, мекемелердин, уюмдардын же ишканалардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) кызыкчылыктардын потенциалдуу жана реалдуу кагылышуусун башкаруу боюнча чаралардын өз убагында көрүлүшүн камсыз кылуу;

2) этика боюнча комиссияны түзүү жана анын натыйжалуу ишин камсыз кылуу;

3) кызыкчылыктардын кагылышуусу боюнча ведомствонун ичиндеги актыларды бекитүү;

4) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишин текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

5) кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу;

6) кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкканда кызматтык ак ниеттүү жүрүш-турушу үчүн сыйлоо чараларын көрүү;

7) кызыкчылыктардын болуп өткөн кагылышуусунун кесепеттерин жоюу боюнча, анын ичинде коомдук ишенимди калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;

8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан табылган бузуулары жөнүндө, ошондой эле бул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу тез арада, үч жумушчу күндүн ичинде маалымдоо.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-22)
