# 18-берене. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 18-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-18

---

1. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышуусунун кырдаалын карап чыгуу, аны чечүү үчүн чечимдерди табуу жана колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын демилгеси боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн этика боюнча комиссияга кайрылат.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу келип чыккандыгы жөнүндө түздөн-түз жетекчиге жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

5. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу түзүлгөн кырдаал тууралуу жазуу жүзүндө кабарлаган, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар аны жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлгөнгө чейин кеминде беш жумушчу күндүн ичинде кызыкчылыктардын кагылышуусу менен байланышкан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу карманууга милдеттүү.

6. Түздөн-түз жетекчи өзүнө ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адам өз алдынча кайрылганына же реалдуу кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу башка булактардан белгилүү болгонуна карабастан аны жөнгө салуу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.

7. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга түздөн-түз жетекчи тарабынан кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча кандай чаралар көрүлөрү тууралуу жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

8. (КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Түздөн-түз жетекчиден кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусу бар кырдаалдарда көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кабар албаган учурда, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар бул тууралуу маалымат менен этика боюнча комиссияга же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.

10. Кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуусун жөнгө салуу боюнча чара катары ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чаралар колдонулат.

11. Мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги, уюмдардагы же ишканалардагы кызыкчылыктардын реалдуу кагылышуу кырдаалдары милдеттүү түрдө катталууга, ал эми документтер архив иши жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте сакталууга тийиш.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-19)
