# 16-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусун табуу

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 16-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-16

---

1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:

1) кызматка кирүүдө, ыйгарым укуктардын башка көлөмү бар кызматта жаңы кызмат ордун ээлөөдө өздүк (жеке) кызыкчылыктарды декларациялоо;

2) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарды ишке кабыл алууда, анын ичинде шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документтерди кабыл алууда иш берүүчүнүн жана кол алдындагылардын тууганчылыгы бар экендигин изилдөө;

3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар менен аффилирленген субъекттерди табуу;

4) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо;

5) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарда кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккандыгы жөнүндө тийиштүү органдын жогору турган жетекчилигине же болбосо этика боюнча комиссиясына маалымдоо;

6) ушул Мыйзамга ылайык контролдоо функцияларын аткаруучу органдар жана адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, табуу, верификациялоо, четтеттүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;

7) уюмдун дарегине келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыгуу жана изилдөө;

8) жалпыга маалымдоо каражаттарындагы макалаларды жана билдирүүлөрдү талдоо.

2. Өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-17)
