# 15-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 15-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-15

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу кызматтык ишти жүзөгө ашырууда мүмкүн болуучу кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө жоопкерчилигин өзүнө алуу боюнча аларга коюлган талаптар, ошондой эле мындай кагылышуунун бар экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү же ачык (оозеки) арызды жогору турган жетекчиге билдирүү аркылуу жүрүп жаткан кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу, кийин кызыкчылыктардын кагылышуусун чечүү жоопкерчилигин ушул жетекчиге өткөрүп берүү менен билдирилет.

2. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн органдар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишиндеги мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экендиги жөнүндө ушул адамдардын арыздарын карап чыгуу, кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу же болбосо аныктоо үчүн контролдоо, текшерүүлөр, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматтарды изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же тийиштүү органдарга маалымдоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

3. Кызыкчылыктардын кагылышуусун коомчулук тарабынан башкаруу ушул Мыйзамдын 7-беренесинде белгиленген органда кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экендиги жөнүндө үчүнчү жактарды кабарлоо жолу менен, андан соң, кагылышуу бар экендиги ырасталган учурда, ушул органдын жетекчиси же болбосо жогору турган жак тарабынан ушул кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-16)
