# 14-берене. Өкүлчүлүк функцияларын жүзөгө ашырууга чектөөлөр

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 14-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-14

---

1. Мыйзамдарда кызмат адамынын үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын билдирүү милдети тикелей каралган учурларды кошпогондо, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана ишканаларда үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же өкүл болууга укуксуз.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын өкүлү болууга тыюу салынат:

1) эгерде ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жана/же жакын адамдары каралып жаткан ишке мүлктүк же болбосо башкача түрдө кызыкдар болсо же алардын кызыкчылыктары алар анын атынан иш алып баруучу ошол органдын, мекеменин, уюмдун же ишкананын кызыкчылыктарына карама-каршы келсе;

2) мындай адамдар менен мамилелерден ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар жана/же жакын адамдары кандай болбосун түрдөгү кирешелерди, артыкчылыктарды алса;

3) ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар же жакын адамдары катышуучу, акционер, көзөмөлдөө, контролдоо же аткаруу органынын мүчөсү болуп саналган мындай юридикалык жак менен мамилелерде турса.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-15)
