# 13-берене. Кайрымдуулуктарды кабыл алууга карата чектөөлөр

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 13-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-13

---

1. Эгерде кайрымдуулук жеке же юридикалык жактарга карата чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга жеке же юридикалык жактардан кайрымдуулуктарды, ошондой эле мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн башка түрдөгү мүлктүк жардамдарды талап кылууга же кабыл алууга тыюу салынат.

2. Эгерде ал кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоочу кырдаалда берилсе, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын персоналды окутууга же эмгекти уюштурууну жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жакшыртууга тиешелүү кайрымдуулукту кабыл ала алат.

Кайрымдуулуктар, алардын наркына карабастан, мамлекеттик менчикке же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын менчигине өткөрүп берилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-14)
