# 12-берене. Белектерди кабыл алууга карата чектөөлөр

- Документ: [Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111716)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 12-декабрындагы № 206 (11) "Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 206(11)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 мая 2026 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызский Республики "О конфликте интересов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230045915)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716#diff=862143..52847>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2527/edition/862143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111716/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө, 12-берене (13.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-12

---

1. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, наркы он эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адаттагы белектерди кошпогондо, белектерди алуусуна тыюу салынат.

2. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу расмий протоколдук иш-чаранын алкагында гана дипломатиялык белектерди алууга уруксат берилет.

3. Дипломатиялык белектер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын балансына өткөрүп берилүүгө тийиш.

4. Ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган учурда жана тартипте дипломатиялык белекти сатып ала алат.

Белектерди баалоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана сатып алуу, ошондой эле белектерди каттоо журналынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. (КР 2026-жылдын 13-майындагы N 62 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111716/st-13)
