# 1-берене

- Документ: [Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111711)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 7-декабрындагы № 201 (6) "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201 (6)
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111711/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2522/edition/861436/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111711/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (07.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111711/st-1

---

"Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 6, 273-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) II главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"II глава Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштурууга талаптар";

2) 7-беренеде:

а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7-берене. Бухгалтердик эсепти жана кассалык операцияларды жүргүзүүнү уюштуруу тартиби";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5. Кыргыз Республикасында чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Чарба жүргүзүүчү субъект деп "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ушундай деп аныкталган субъект түшүнүлөт. Баалуулуктарды кабыл алуу, берүү жана сактоо кассалык операциялар деп түшүнүлөт. Валюталык баалуулуктар, банкноттор жана монеталар, баалуу кагаздар жана так отчеттуулук бланктары баалуулуктар деп түшүнүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылуучу жана жүгүртүүдө турган ар башка баадагы жана түрдөгү акча белгилери банкноттор жана монеталар болуп саналат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111711/st-2)
