# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111703#diff=1107450..13244>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2514/edition/1107448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111703/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу, 9-берене (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-9

---

1. Жазык-аткаруу кодексинин 73-беренесинин 7-бөлүгүнүн, 79-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун, 83-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 99-беренесинин 4, 7-бөлүктөрүнүн, 128-130-беренелеринин, 133-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 163-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн жоболору 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

2. Жазык-аткаруу кодексинин 125-беренесинин 3-бөлүгүнүн, 127-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболору 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Жазык-аткаруу кодексинин 83-беренесинин 1-3-бөлүктөрүнүн жоболору (Бишкек, Ош, Каракол шаарларынан тышкары) 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Жазык-аткаруу кодекси колдонууга киргизилген күндөн тартып:

1) жазасын күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү колонияларында өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн жалпы режимдеги колонияларда, Жазык-аткаруу кодексинин 79-беренесинин талаптарын сактоо менен өтөйт;

2) жазасын катаал режимдеги түзөтүү колонияларында өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн катаал режимдеги колонияларда өтөйт;

3) жазасын өзгөчө режимдеги колонияларда өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн өзгөчө режимдеги колонияларда өтөйт;

4) жазасын колония-жатактарда өтөө менен эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, ошондой эле түзөтүү колонияларынан которулган соттолгондор жазасынын өтөлө элек мөөнөтүн жатак колонияларда өтөйт.

5. Соттолгонду Жазык-аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин кармоонун катаал шарттарына которгондо, соттолгондор жатаканаларда туруусун улантат.

6. Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесинин колдонулуусу Жазык-аткаруу кодекси мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга жайылтылбайт.

7. Жазык-аткаруу кодексинин 50-статьясынын 6-бөлүгүн кошпогондо, Жазык-аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга карата 1999-жылдын 13-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин жоболору колдонулат.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-10)
