# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2514/edition/1107448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111703/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу, 5-берене (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси (мындан ары - Жазык-аткаруу кодекси) колдонууга киргизилген күндөн тартып, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.), ушул Мыйзамдын 9-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык өзүнүн колдонулуусун сактоочу 50-статьянын жоболорун кошпогондо;

2) "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 13-декабрындагы № 143 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 157-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 41 Мыйзамынын 1-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5, 200-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 8-июлундагы № 114 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 9, 402-ст.);

5) ''Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 99 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 359-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 11-июнундагы № 100 Мыйзамынын 3-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 360-ст.);

7) "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 27-июлундагы № 101 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 508-ст.);

8) "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 4-майындагы № 68 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 459-ст.);

9) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы;

10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 2, 74-ст.);

11) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2706-ст.);

12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2725-ст.);

13) "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 18-мартындагы № 43 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 3, 227-ст.);

14) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 82 Мыйзамынын 4-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 397-ст.);

15) "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-апрелиндеги № 44 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 4, 295-ст.);

16) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 880-ст.);

17) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-ноябрындагы № 185 Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2016-жылдын 29-ноябры, № 106).

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-6)
