# 15-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 24.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.07.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111703#diff=1107450..13244>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2514/edition/1107448/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111703/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу, 15-берене (26.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-15

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айлык мөөнөттө:

1) ченемдик укуктук актыларды Жазык кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске, Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү жөнүндө жана аларды ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

2) тергөө судьясынын институтун ишке ашыруу максатында, жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин;

4) 2019-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Жазык-процесстик кодексинин жоболорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карасын.

5) Жазык-аткаруу кодексинин жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй чараларды көрсүн:

а) пробациянын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органын түзүүнү, штаттык бирдиктерди бөлүп берүүнү, орун-жайларды берүүнү жана материалдык-техникалык камсыз кылууну - 2020-жылдын 1-январына чейин;

б) соттолгондордун билим алууга, эмгекке, жеке коопсуздукка, телефондук сүйлөшүүлөргө, сейилдөөгө, социалдык-укуктук жардамга, милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга укуктарын;

в) гаупвахталардын иштөөсүн;

г) юридикалык жактардын жазык жоопкерчилигин аткарууну;

д) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткарууну, адамдарды кайтарууну жана күзөткө алууну;

е) соттолгондордун маалыматтар базасын түзүүнү - 2019-жылдын 1-январына чейин;

ж) жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзүлүшүн жана иштөөсүн;

з) түзөтүү мекемелеринин жаңы градациясын;

и) төмөнкүлөр үчүн орун-жайларды этап менен курууну жана колдонуудагы орун-жайларды реконструкциялоону - соттолгондорду түзөтүү мекемелеринин катаал шарттарында кармоо - 2021-жылдын 1-январына чейин; түрмөнү түзүү - 2023-жылдын 1-январына чейин; түзөтүү колонияларында соттолгондорду бөлүп кармоо үчүн бөлүнгөн участокторду түзүү - 2021-жылдын 1-январына чейин; өзгөчө режимдеги түзөтүү колониясын түзүү - 2020-жылдын 1-январына чейин;

к) түзөтүү мекемелеринде кайтаруунун инженердик-техникалык каражаттарын (КИТК), көзөмөлдү жана контролду модернизациялоо - 2023-жылдын 1-январына чейин;

л) түзөтүү мекемелерине жана тергөө абактарына жанаша жаткан аймактардын чек араларын аныктоо - 2020-жылдын 1-январына чейин;

м) соттолгон боюнда бар аялдар, бала эмизүүчү энелер, жашы жете электер, оорулуулар жана I жана II топтогу майыптар үчүн кармоонун жакшыртылган шарттарын түзүү;

н) соттолгондорду инсандыгын ырастоочу документтер менен камсыз кылуу - 2020-жылдын 1-январына чейин.

3. (Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

2016-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111703/st-14)
