# КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111700>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2511/edition/854618/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111700.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111700

---

КР 2025-жылдын 27-июнундагы № 129 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 23-ноябры № 193 Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 16-ноябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111700/st-1)

Кыргыз Республикасынын Суу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 4, 62-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 62-статьяда:

а) статья "муз даярдоо" деген сөздөрдөн мурда "Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү иш-аракеттерди кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

б) төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:

"Ушул алып таштоолор Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнө мурунку таасир этүүлөргө жайылтылбайт. Ушул сыяктуу иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду көз карандысыз экспертизанын натыйжаларын эске алуу менен, ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынат.";

2) 67-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацында "Агым" деген сөздөн мурда "Ушул Кодекстин 62-статьясында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111700/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:

- ушул Мыйзамдан келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
