# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111698)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 22-ноябрындагы № 191 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 191
- Кабыл алынган күнү: 22.11.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111698/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2509/edition/1289919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111698/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111698/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 321-1-статьяда: 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) Ишкердик ишке тоскоолдук кылуу же болбосо пайда көрүү же башка жеке кызыкчылыктарды көздөө максатында жасалган жана олуттуу зыян келтирүүгө алып келген ошол эле жосун, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат."; статья 4, 5-бөлүктөр жана төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын: "(4) Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ири зыян келтирүүгө алып келген жосун, - беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Менчик ээсинин эркинен тышкары аны алмаштыруу максатында жасалган ошол эле жосун, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда олуттуу зыян деп анын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашпаган зыян таанылат. Ушул статьяда ири зыян деп анын суммасы он миң эсептик көрсөткүчтөн ашкан зыян таанылат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111698/st-2)
