# КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 188
- Кабыл алынган күнү: 03.11.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111695>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2506/edition/844342/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111695.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 3-ноябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111695

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 3-ноябры № 188 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 27-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111695/st-1)

"Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2774-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-беренеде:

а) экинчи абзацындагы "үрп адаттар," деген сөздөрдөн кийин "салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү жана жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

"салттуу оюндар - кыргыз элинин маданий, социалдык жана рухий баалуулуктарын эске алган улуттук салттардын негизинде тарых тарабынан калыптанган мелдешүүчүлүк иш-аракет формасындагы оюндар; спорттун улуттук түрү - адамды шайкеш өнүктүрүү, анын ден соолугун чыңдоо жана анын денебой жактан жигердүүлүгүн өркүндөтүү максатында коом тарабынан пайдаланылуучу, тарыхый жактан калыптанган жана кыргыз элинин маданиятынын курамдык бөлүгү катары түзүлгөн спорттун түрү.";

2) 3-беренеде:

а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:

"8) салттуу оюндар, спорттун улуттук түрлөрү.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"3. Кыргыз Республикасында спорттун улуттук түрлөрүнүн болушунун жана аларды өнүктүрүүнүн укуктук негиздери "Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111695/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
