# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111692)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-октябрындагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112522)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111692/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2503/edition/1289915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111692/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (03.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111692/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "213-4" деген цифралар "92-статьянын бешинчи бөлүгү, 213-4" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 92-статьяда:

а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү" деген сөздөр "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү жана пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген байытылбаган унду импорттоо жана жүгүртүү - байытылбаган унду конфискациялоо менен юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

в) эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 514-статьянын 1-бөлүгү "91" деген цифралардан кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;

4) 521-1-статьянын 1-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;

5) 534-1-статьяда:

а) статья "иштерди карайт" деген сөздөрдөн кийин "жана администрациялык жаза чараларды колдонот" деген сөздөр менен толукталсын;

6) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111692/st-2)
