1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 30-статьянын 5-бөлүгүндө "213-4" деген цифралар "92-статьянын бешинчи бөлүгү, 213-4" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 92-статьяда:
а) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү" деген сөздөр "байытылбаган унду саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо мекемелерине жана башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге жөнөтүү жана пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында техникалык регламенттерге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген байытылбаган унду импорттоо жана жүгүртүү - байытылбаган унду конфискациялоо менен юридикалык жактарга, жарандарга жана жеке ишкерлерге эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";
в) эскертүү күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 514-статьянын 1-бөлүгү "91" деген цифралардан кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;
4) 521-1-статьянын 1-бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "92," деген цифралар менен толукталсын;
5) 534-1-статьяда:
а) статья "иштерди карайт" деген сөздөрдөн кийин "жана администрациялык жаза чараларды колдонот" деген сөздөр менен толукталсын;
6) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссияларын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун типтүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111692/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>