# КР 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111691>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2502/edition/1120200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111691.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111691

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 27-октябры № 184 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 27-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111691/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 212-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын.";

2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 251-4-берене менен толукталсын:

"251-4-берене. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн берими Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн берими КНСтен бошотулган берим болуп саналат.";

3) 315-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:

"9) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы.";

4) 330-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту "мекемелеринин жана ишканаларынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын" деген сөздөр менен толукталсын;

5) 343-берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жерлери.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111691/st-2)

Ушул Мыйзамдын колдонулушу 2009-жылдын 1-январынан тартып 2012-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге жайылтылат. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
