1-берене
Күчүндө · 14.10.2017 редакциясы
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Мораторий төмөнкү сугат айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт:
1) бонитетинин баллы 40тан төмөн көп жылдык мөмө-жемиш дарактары өстүрүлгөн жерлерге;
2) көрүстөнгө бөлүнгөн жерлерге;
3) мамлекеттик же муниципалдык гана менчикте турган жалпы билим берүү объекттерине жана саламаттык сактоо объекттерине, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курууга бөлүнгөн жерлерге;
4) аскердик, чек аралык объекттерди жана заставаларды курууга бөлүнгөн жерлерге;
5) чакан жана ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана 110 кВдан 500 кВга чейинки чыңалуудагы жогорку вольттуу электр чубалгыларды, 110 кВдан 500 кВга чейинки көмөк чордондорду курууга бөлүнгөн жерлерге;
6) газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге;
7) жалпы пайдалануудагы темир, автомобиль жолдорду жана көпүрөлөрдү, туннелдерди, эстакадаларда курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн жерлерге;
8) ичүүчү суу менен камсыз кылуучу, сууну бөлүштүрүүчү, тазалоочу курулмалардын мамлекеттик жана муниципалдык объекттерин курууга бөлүнгөн жерлерге;
9) Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүүгө бөлүнгөн жерлерге;
10) өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан жарандарды көчүрүү максатында бөлүнгөн жерлерге;
11) Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтарынын айрым чек арага жакын аймактарынын жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) үчүн бөлүнгөн жерлерге. Ушул чек арага жакын аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.".
Берененин тексти 14.10.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111688/st-1" title="1-берене - Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>