# КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 176
- Кабыл алынган күнү: 16.10.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111682>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2493/edition/836096/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111682.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 16-октябрындагы № 176 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111682

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 16-октябры № 176 "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2017-жылдын 14-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111682/st-1)

"Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 1, 6-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 8-бөлүгүндө "ата мекендик жана чет өлкөлүк товарларды" деген сөздөр "чет өлкөлүк товарларды жана Евразия экономикалык бирлигинин товарларын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 8-берененин 6-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 11-беренеде:

а) 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7. ЭЭЗ башкы дирекциясынын ЭЭЗ ишинин шарттары жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык административдик (сотко чейинки) тартипте, ал эми андан кийин - соттук тартипте даттанылат.";

б) 13-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 12-берененин 10-бөлүгүндө "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 14-беренеде:

а) берененин бүткүл тексти боюнча "Бажы бирлигинин" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 12-бөлүгүндө "товарларды бажылык декларациялоо" деген сөздөр "товарларды бажы жол-жоболорунун алдында жайгаштыруу менен байланышкан бажы операциялары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111682/st-2)

Ушул Мыйзам "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
