# 74-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111679)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2490/edition/1197077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111679/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 74-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-74

---

Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт жана Бюджеттик классификацияга жана тиркемелерге ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге сунуш кылынган төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдү кабыл алат:

1) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттик кирешелеринин салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

2) ички дүң продукцияга карата республикалык бюджеттин чыгымдарынын салыштырма салмагын жана алардын абсолюттук суммасын;

3) ички дүң продукцияга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин тартыштыгын (профицитин);

4) бюджеттин тартыштыгын жабуу булактарын;

5) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге кирешелерди республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү ченемдерин;

6) кезектеги бюджеттик жылдын аягына жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге карата Өкмөттүн резервдик фонддорунун ченемдик чоңдугун.";

3) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 741 - 743-беренелер менен толукталсын:

"741-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап чыгуунун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш катышып отурган депутаттардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок 50дөн кем эмесинин добушу менен кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонуучу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.

2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан каралат жана жаңы бюджеттик жыл башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен кабыл алынат.

3. Эгерде республикалык бюджеттин долбоору учурдагы жылдын аягына чейин бекитилбесе, Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген республикалык бюджеттин долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ал бекитилгенге чейин Өкмөт чыгымдарды ай сайын жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жана ага карата өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзам кабыл алынган күндөн тартып 14 календардык күндүн ичинде Президентке кол коюуга жиберилет.

5. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан учурда, республикалык бюджет Өкмөт тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-73)  
Кийинки берене: [742-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-742)
