# 73-берене. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111679)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2490/edition/1197077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111679/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 73-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-73

---

1. Жогорку Кеңеш биринчи окууда төмөнкүлөрдү карайт:

1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана болжолдонуучу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.

2. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууга Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кароосуна жөнөтүлөт.

3. Фракциялар жана комитеттер жазуу жүзүндөгү сунуштарды бир эле убакта Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жана эксперттик кызматына 5 күндүк мөөнөттө жиберет.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбооруна киргизүү/киргизбөө мүмкүнчүлүгү жөнүндө алар боюнча корутундуну 10 күндүк мөөнөттө берет.

5. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда, Жогорку Кеңеш аны биринчи окууда кайтадан кароо үчүн Өкмөткө республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана сунуштоо мөөнөтүн аныктайт.

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-74)
