# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111679)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 8-августундагы № 172 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 172
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2490/edition/1197077/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111679/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берененин 2-бөлүгүндөгү "8-10, 12, 13" деген цифралар "8-13" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 70-74-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"70-берене. Бюджеттерди түзүүнүн жалпы жоболору

1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү болжолунун, Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясынын, Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин талаптарына ылайык түзүлөт.

2. Жогорку Кеңештин бюджеттик резолюциясы орто мөөнөттүү мезгилге бюджет саясатынын негизги багыттарын жана республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда багыттама болуп саналган мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктарын аныктайт.

3. Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бюджеттик резолюциянын долбоорун иштеп чыгат, анда Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен, келерки жылга бюджеттик саясаттын негизги багыттары чагылдырылат жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

4. Жогорку Кеңештин бюджеттик резолюциясы токтом менен жактырылат жана катышып отурган депутаттардын санынын көпчүлүгү, бирок 50дөн кем эмес добушу менен 30-апрелге чейин кабыл алынат.

5. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери учурдагы бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө маалыматты тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан суроого жана тиешелүү корутунду берүү үчүн аны Эсептөө палатасына жиберүүгө укуктуу.

---

Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111679/st-71)
