# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111677)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111677/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2488/edition/827748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111677/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111677/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 221-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) мыйзамда белгиленген учурларда;";

2) 335-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө жүйөсүн соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосун баштоо жөнүндө кабар жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгондо демилгеленет.";

3) 336-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111677/st-2)
