# КР 2017-жылдын 2-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111677>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2488/edition/827748/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111677.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 2-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (02.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111677

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 2-августу № 170 Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2017-жылдын 29-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111677/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 221-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) мыйзамда белгиленген учурларда;";

2) 335-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү өндүрүп алуу күрөө жүйөсүн соттон тышкары тартипте өндүрүү жол-жобосун баштоо жөнүндө кабар жөнөтүлгөн датага чейин милдеттенмелерин аткарууда ырааттуу үч айдан ашык үзгүлтүксүз бузуулар болгондо демилгеленет.";

3) 336-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Өндүрүп алуу учуруна карата күрөөгө коюлган мүлктүн соодалашуу башталгандагы алгачкы сатык баасы күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу менен (335-статьянын 2-пункту), ал эми кыймылсыз мүлккө карата - мыйзамдардын талаптарына ылайык тиешелүү сертификаты бар, көз карандысыз баалоочу адистерди тартуу менен, күрөө кармоочунун жана күрөө берүүчүнүн ортосундагы кошумча макулдашуу менен же болбосо соттун чечими менен (335-статьянын 1-пункту) аныкталат.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111677/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 22-августунда № 95 (2820) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
