# 8-берене. Медициналык буюмдардын мамлекеттик реестри

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 8-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-8

---

1. Мамлекеттик каттоо жол-жобосунан өткөн медициналык буюмду Реестрге киргизүү аны каттагандан кийин, же болбосо саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы мурда катталган медициналык буюмдун каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизген күндөн тартып жүзөгө ашырылат.

2. Реестрде реестрдик жазууларга киргизилген өзгөртүүлөрдүн тарыхы жазуулар түзүлгөн датаны жана убакытты көрсөтүү менен сакталат. Реестрден маалыматтарды алып салууга жол берилбейт.

3. Реестрде медициналык буюмдар жөнүндө төмөнкү маалыматтар камтылат:

1) медициналык буюмдардын номенклатурага ылайык аталышы;

2) модели;

3) соодалык аталышы;

4) медициналык буюмдун статусу (колдонууга уруксат берилген, токтотуп коюлган же чакыртып алынган, колдонууга тыюу салынган);

5) дозаланышы, эгерде медициналык буюмдарга жана i№ vitro диагностикасы үчүн медициналык буюмдарга карата колдонула турган болсо;

6) керектөө таңгагындагы саны, эгерде колдонула турган болсо;

7) потенциалдуу тобокелдик классы;

8) каттоо номери жана каттоо датасы;

9) өндүрүүчүнүн аталышы;

10) медициналык буюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө каттоо ырастамасын кармоочунун аталышы жана дареги;

11) чыгарган өлкө жөнүндө көрсөтүү.

4. Реестрди алып баруу эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Реестр саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын расмий сайтында жарыяланат, туруктуу негизде жаңыланып турат, ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.

5. Өлчөө каражаты болуп саналган медициналык буюмдар Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн Мамлекеттик реестрине киргизилүүгө жатат жана өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-9)
