# 6-1-берене. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-6-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 6-1-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-6-1

---

1. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги бекитилет.

Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат.

2. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегине киргизилген медициналык буюмдарга бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-6)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-7)
