# 4-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын принциптери

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 4-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-4

---

Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү, жарандардын саламаттыгын коргоого багытталган мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адамдын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтириши мүмкүндүгүнөн улам спецификалык товар болуп саналган, ташууда, сактоодо, өндүрүүдө, даярдоодо, сатууда жана жок кылууда өзгөчө контролду талап кылган сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык буюмдарга жарандардын ырааттуу жетүүсүн камсыз кылуу;

2) медициналык буюмдарды сарамжалдуу пайдалануу;

3) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин туруктуу жүрүшү үчүн зарыл ченемдик укуктук базаны түзүү;

4) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө саламаттык сактоо тутумунун керектөөлөрүнө жооп берген мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана ишке ашыруу;

5) медициналык буюмдардын ата мекендик өндүрүшүн өнүктүрүү жана колдоо;

6) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун жана ишкердик ишти жүргүзүүнүн ачыктыгын жана ак ниеттүүлүгүн камсыз кылуу;

7) медициналык буюмдар жөнүндө анык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-5)
