# 23-берене. Медициналык буюмдардын жарнамасы

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 23-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-23

---

1. Медициналык буюмдардын жарнамасы Кыргыз Республикасынын жарнама чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын жана ушул Мыйзамдын ушул беренесинин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Жарнама медициналык буюмду уникалдуу, өтө натыйжалуу, өтө так, өтө коопсуз, зыяндуу натыйжалары такыр жок буюм катары көрсөтпөөгө, медициналык буюмдун келип чыгуу курамына, жаңылыгына карата адашууга алып келбөөгө тийиш.

3. Медициналык буюмдарды контролсуз пайдалануудан оолак болуу үчүн медициналык буюмдардын жарнамасында дарыгердин элесин, медициналык униформадагы адамдардын сүрөтүн пайдаланууга, жарнамага медицина жана фармацевтика кызматкерлерин тартууга, белгилүү адамдардын, окумуштуулардын, адистердин, айыккан адамдардын жана алардын туугандарынын пикирлерине шилтеме кылууга тыюу салынат.

4. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдарды өндүрүүгө, берүүгө, даярдоого чектөө койгон учурда, ошондой эле каттоо ырастамасынын колдонулуусу токтотулуп коюлган же жокко чыгарылган учурларда, жарнама берүүчү тыюу салынган жана/же жүгүртүүдөн алынган медициналык буюмдардын жарнамасы боюнча аракеттерди токтотууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-24)
