# 22-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүнүн субъекттеринин укуктары жана милдеттери

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 22-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-22

---

1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүнүн субъекттери төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) лицензияны жол-жоболоонун, медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоонун тартиби, мамлекеттик контролдоо жөнүндө зарыл маалымат алуу;

2) медициналык буюмдарды каттоону, изилдөөнү (сыноону), сапатын контролдоону, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү субъекттердин ишин лицензиялоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдардын жана уюмдардын адамдарынын аракеттерин же аракетсиздигин белгиленген тартипте даттануу.

2. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүнүн субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген лицензиянын негизинде өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга;

2) ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген эрежелерди сактоого;

3) медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө алектенген адистердин квалификациясын жогорулатууга;

4) медициналык буюмдардын сапаты, коопсуздугу жана натыйжалуулугу жөнүндө анык маалымат берүүгө.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-23)
