# 20-берене. Медициналык буюмдарды сатуу

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 20-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-20

---

1. Медициналык буюмдарды сатуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте субъекттер тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Медициналык буюмдарды сатуу медициналык буюмдарды өндүрүүчү/даярдоочу же өндүрүүчүнүн өкүлү, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды дүң жана чекене сатуу уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Медициналык буюмдарды сатуучу жактар аткарууга тийиш милдеттер:

1) медициналык буюмдарды өндүрүүчү/даярдоочу тарабынан белгиленген талаптарды сактоо;

2) медициналык буюмдарды куроону жана жөндөөнү камсыз кылуу;

3) медициналык буюмду колдонуу же иштетүү жана техникалык тейлөө, жарактуу жана жумушчу абалда кармоо үчүн зарыл болгон, өндүрүүчүнүн/даярдоочунун техникалык жана иштетүүчүлүк документтерин берүү;

4) медициналык буюм конкреттүү бейтаптын жеке колдонуусу үчүн сатылган учурда бейтапты медициналык буюмга кошо берилүүчү зарыл техникалык жана/же иштетүүчүлүк документтери менен камсыз кылуу, ошондой эле бейтапка бул медициналык буюмду колдонуу маселелери боюнча консультация берүү.

4. Төмөнкү медициналык буюмдарды сатууга тыюу салынат:

1) дары каражаттарды жана медициналык буюмдарды сатуу уюмдарынан сырткары;

2) сапатсыз, жасалма, жарактуулук мөөнөтү өткөн, жарабай калган;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына гуманитардык жардам линиясы боюнча алып келинген.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-21)
