# 19-берене. Медициналык буюмдарды алып кирүү жана алып чыгуу

- Документ: [Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111673)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 2-августундагы № 166 "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2484/edition/1126827/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111673/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө, 19-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-19

---

1. Ушул Мыйзамдын 10-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик каттоосу бар медициналык буюмдар Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүгө жатат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүү, ошондой эле медициналык буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу, Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамда белгиленген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Айлана-чөйрөнү булгоо жана адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизүү тобокелдигин азайтуу үчүн, курамында кооптуу химиялык заттар бар медициналык буюмдарды алып кирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111673/st-20)
